Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:13

Литвада президенттик шайлоонун экинчи айлампасы өтүп жатат


Литвадагы шайлоо.
Литвадагы шайлоо.

Литвада бүгүн, 26-майда президенттик шайлоонун экинчи айлампасы жана аны менен бирге Европа парламентине депутаттарды шайлоо өтүп жатат.

12-май күнкү президенттик шайлоого жарандардын 57% катышып, бир да талапкер 50 пайыздан ашуун добуш топтой алган эмес. Президенттик шайлоонун экинчи айлампасына мурдагы финансы министри Ингрида Шимоните жана экономист Гитанас Наусед өткөн.

НАТОго жана Евробиримдикке мүчө болгон бул өлкөнү он жыл бою Даля Грибаускайте башкарып келди. Мыйзамга ылайык, ал үчүнчү ирет талапкер боло албайт.

Бул жолу шайлоо жарандардын экономиканын абалга жана коррупцияга нааразылыгы күчөгөн учурга туш келди.

Литвада президент тышкы саясат үчүн жооп берет жана өлкөнүн атынан Евробиримдиктин саммиттерине катышат. Ошондой эле министрлерди, сотторду, аскер кол башчыларын жана Борбордук банктын башчысын дайындайт.

XS
SM
MD
LG