Казакстандагы Нур-Султан административдик соту балконго чыгып алып, шайлоону бойкоттоого үндөгөн активист Дархан Умирбаевди «тартип коргоо органдарынын өкүлдөрүнө баш ийген жок» деп айыптап, эки суткага камады.
Судья Нуржан Каирбек активист биринчи жолу сот жообуна тартылып жатканын эске алуу менен жаза жумшартылганын белгиледи.
38 жаштагы Умирбаев адвокаты иш сапары менен кетип калгандыктан сот жыйынын башка күнгө жылдыруу тууралуу өтүнүч бергенине карабастан, аны көчөдөн кармап келип, «соттон качууга аракет кылган» деген айып менен сотко жеткиришкенин «Азаттыкка» билдирди. Сотко Умирбаевди колдоо үчүн келген ондон ашык жарандык активист катышты.
Сотто Дархан Умирбаев 17-майда көп балалуу үй-бүлөлөр үчүн берилген социалдык жардамды ала албай калганын, ошол себептен «Фейсбуктагы» барагы аркылуу түз обого чыгып, таза шайлоо өткөрүүнү талап кылганын айтты.