Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:18

Ош облусунда жер титиреди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 26-майда саат 05:47де Ош облусунун аймагында очогунда күчү үч баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Жер титирөө Ноокат районунун Жаңы-Ноокат, Ноокат, Борбаш, Кара-Таш айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Такталган маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроо болгон жок. (BTo)

XS
SM
MD
LG