Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:39

Хоккей: Финляндия дүйнө чемпиону болду

Хоккей.
Хоккей.

Словакияда хоккей боюнча дүйнө чемпионаты жыйынтыкталды. Жекшембинин түнүндө финалдык беттеште Канада менен Финляндиянын хоккейчилери алтын байгени талашты. Оюн 3:1 эсебинде финдердин жеңиши менен аяктады.

Ал эми үчүнчү орун үчүн Орусия менен Чехиянын командалары таймашып, бул беттештин жеңүүчүсү буллит аркылуу аныкталды. Эки команда негизги убакытты 2:2 эсеби менен жыйынтыктап, жекеме-жеке сериясында Орусиянын хоккейчилери таамайыраак чыгып, коло медалды жеңип алды.

Финляндия өзүнүн тарыхында үчүнчү ирет дүйнө чемпиону аталды. Кийинки жылы дүйнө чемпионаты Швейцарияда өтөт. (SDz)

XS
SM
MD
LG