Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:03

Пакистан: демонстранттар менен өкмөттүк күчтөрдүн кагылышуусунда киши өмүрү кыйылды


Пакистандын картасы.
Пакистандын картасы.

Пакистандын пуштундар байырлаган Түндүк Вазиристан аймагында коопсуздук күчтөрү менен демонстранттардын кагылышынан бир нече киши каза болду. Күбөлөр 26-майдагы окуяда кеминде үч киши өлүп, он киши жарадар болгонун билдиришти. Окуянын чоо-жайы азырынча айтыла элек. «Азаттыкка» келген кабарларга караганда, кеминде 20 киши ар кандай жаракат алды.

Анын ичинде депутат да бар экени айтылды. Маалыматтарга караганда, өкмөттүк күчтөр армиянын катаал ыкмаларына каршы өтүп жаткан тынч демонстрациянын катышуучуларына ок аткан.

Ошол эле кезде армия парламенттин эки депутаты башында турган топ коопсуздук күчтөрүнүн постуна кол салып, беш жоокерди жарадар кылганын, буга ок менен жооп кайтарылганын жарыялады.

Демонстранттарды жетектегени айтылган эки депутат - Мохсин Давар менен Али Вазир пуштундардын укугун коргогон «Тахафуз» кыймылын негиздешкени белгилүү.

XS
SM
MD
LG