Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:27

Президент эки министрдин кызматтан кетүү боюнча арызына кол койду


Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

Президент Сооронбай Жээнбеков экономика министри Олег Панкратов менен айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашевдин кызматтан кетүү боюнча арызын кабыл алды. Бул тууралуу президенттин расмий сайтында кабарланды.

«Бир Бол» фракциясынын сунушу менен кызматка келген мурдагы айыл чарба министри Нурбек Мурашев 24-майда кызматтан кетүү жөнүндө арыз жазган.

Былтыр айдалган картөшкө сатылбай, ороолордо чирип кеткендиктен министрликтин ишине сын-доомат көп айтылды. Өкмөттүн соңку жыйынында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев дал ушул маселе боюнча Мурашевдин ишин сындаган. Мурашев бул министрликке жетекчи болуп 2016-жылдын аягында дайындалган.

Экономика министри Олег Панкратов да 24-майда кызматтан кетүү жөнүндө арыз жазган. Панкратов кызматтан кетишине өзүнө айтылган сын көбөйүп кеткени себеп болгонун билдирген. (TSh)

XS
SM
MD
LG