Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:17

Ош облусунда эки жолу жер титиреди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 27-май күнү саат 00:33тө Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Жер титирөө Алай районунун Нура, Икизяк айылдарында үч баллга чейин, Кара-Киндик, Бор-Дөбө айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

26-майда Ош облусунда күчү үч баллга жеткен дагы бир жер титирөө катталган. Жер титирөө Ноокат районунун Жаңы-Ноокат, Ноокат, Борбаш, Кара-Таш айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроо болгон жок. (BTo)

XS
SM
MD
LG