Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:59

УКМК: террористтик топтун мүчөлөрү кармалды


25-майда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) ыкчам иликтөө иштерин жүргүзүп, Баткен облусунун аймагына мыйзамсыз кирүүгө аракет кылган эл аралык террористтик топтун мүчөсү деп шек саналган жарандарды колго түшүргөн. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы маалымдады.

Алар 29 жаштагы Р.Б. жана 27 жаштагы Р.У. аттуу Кыргызстандын жарандары болушкан. Кармалгандардын жанынан Калашников автоматынын ок-дарылары табылган. УКМК берген маалыматка ылайык, Р.Б. аттуу жаран 2015-жылы КМШ өлкөлөрүнүн биринде жүрүп радикал уюмдардын катарына тартылып, Сириядагы согуш болуп жаткан аймакка жөнөтүлгөн. 2017-жылы бул жаранга Интерпол аркылуу издөө жарыяланган.

Р.У аттуу жаран да ушундай эле жол менен Сирияга барып, өкмөттүк күчтөргө каршы согушка катышкан. Шектүүлөр эл аралык террористтик топтун атайын машыгуу лагерлеринен өтүшкөн. Учурда кармалгандар атайын кызматтын тергөө абагына киргизилип, Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Тергөө иштери башталды. (TSh)

XS
SM
MD
LG