Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы Дамир Мусакеевдин жакындары Кыргызстандын Кыйноого каршы улуттук борборуна телефон аркылуу кайрылып, анын абактагы жашоо шартын көрүп чыгууну өтүнүшкөн. Бул тууралуу Кыйноого каршы улуттук борбордун жетекчиси Нурдин Сулайманов маалымдады.
Учурда аталган борбордун кызматкерлери Дамир Мусакеев отурган Бишкектеги №1 тергөө абагында жүрүшөт.
24-майда Бишкектин Свердлов райондук соту Мусакеевди Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) 9-башкармалыгын (мурдагы Мамлекеттик күзөт кызматы) жетектеп турганда кызматтык батирлерди мыйзамсыз бөлүштүргөн деген негизде беш жылга эркинен ажыратып, ал сот залынан камакка алынган. (TSh)