Парламенттеги КСДП фракциясынын депутаты Ирина Карамушкина «Фейсбуктагы» баракчасына президент Сооронбай Жээнбеков, Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы кызматкери Райымбек Матраимов жана өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев мүлкүн коомчулукка көрсөтүшү керек экенин жазды. Депутат такталбаган маалыматтар боюнча алардын кымбат баалуу мүлкү бар экенин белгилеген.
«Мамлекеттик кызматта иштеген туугандар кайсы акчасына өлкө боюнча хан сарайларды жана курулуштарды салып жатышат?» деп суроо салган Карамушкина жогоруда аты аталгандардын байлыгынын булагына кызыккан.
Депутаттын дооматтарына президенттин жана өкмөттүн аппараттары жооп бере элек.
Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун мүлкүн текшерүү иштери аяктап калганын маалымдады. Бирок анын жыйынтыгы качан жарыяланары белгисиз.
Ал эми Райымбек Матраимовдун бир тууганы, парламент депутаты Искендер Матраимов үй-бүлөсү тууралуу айтылган дооматтарды четке кагып, алар мамлекеттик кызматтан сырткары ишкердик кылышарын кайталап келет. (TSh)