Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:53

Башкы прокуратура: Мусакеевдин айынан 18 кызматкерге үй тийбей калган


Дамир Мусакеев.
Дамир Мусакеев.

Башкы прокуратура экс-президент Алмазбек Атамбаевдин беш жылга соттолгон жансакчысы Дамир Мусакеевдин кылмыш иши боюнча кенен түшүндүрмө таратты.

Ал маалыматта Дамир Мусакеев 2016-2017-жылдары Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) 9-башкармалыгын (мурдагы Мамлекеттик күзөт кызматы) жетектеп туруп кызматтык батирлерди бөлүштүрүүдө Турак жай кодексин одоно бузганы жазылат. Тактап айтканда, үй алыш үчүн алдыңкы кезекте турган кызматкерлерге турак жай тийбей калган. Жыйынтыгында 15 кызматтык батир туура эмес бөлүштүрүлүп, анын ичинен үч кызматкер эки жолу үйлүү болгон. Ал эми алдыңкы сапта кезекте турган 18 кызматкерге турак жай берилген эмес.

Башкы прокуратура Мусакеевди мындай аракети менен мамлекеттин кадыр-баркына көлөкө түшүрүп, жарандардын социалдык калыстыкка болгон ишенимин жоготкон деп айыптоодо.

Бул фактылар жабыркагандардын арызынын негизинде кызматтык териштирүүлөрдөн кийин аныкталган. 2018-жылдын 27-ноябрында Аскер прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренесинин 2-бөлүгүнүн негизинде кылмыш иши козголгон.

Тергөөнүн жыйынтыгында 2019-жылдын 7-февралында Аскер прокуратурасы Мусакеевге Жазык кодексинин 320-беренесинин 4-бөлүгү ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") менен кылмышка шектүү катары каралып жатканын маалымдаган. Ошол эле күнү Биринчи май райондук соту Мусакеевдин бөгөт чарасын карап, ага белгиленген аймактан чыкпоо тууралуу шарт коюлган.

2019-жылдын 2-апрелинен 24-майга чейин он соттук отурум өтүп, 49 күбө, 18 жабырлануучу суралган. Башкы прокуратура соттук териштирүүдө шектүүнүн күнөөсү фактылар менен далилденгенин билдирет.

24-майда Бишкектин Свердлов райондук соту УКМКнын 9-башкармалыгын жетектеп турганда кызматтык батирлерди мыйзамсыз бөлүштүргөн деген негизде беш жылга эркинен ажыратып, ал сот залынан камакка алынган.

Дамир Мусакеев бул кылмыш ишин экс-президент менен мамилеси жакшы болгондуктан саясий куугунтук катары баалаган. Ал эми Асел Кодуранова жетекчилик кылган Кыргызстан социал-демократиялык партиясы муну бийликтин куугунтугу катары баалап жатат. (TSh)

XS
SM
MD
LG