27-майда президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков, Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева жана өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин расмий сайтында кабарланды.
Жолугушууда мамлекет башчы мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сот бийлик бутактарынын жетекчилерин өлкө экономикасын өнүктүрүү, жарандардын жашоосун жакшыртыш үчүн биргелешип иштөөгө чакырды. Президент актуалдуу маселелердин бири сот-укук реформасын жүргүзүү экенин белгиледи.
Ошондой эле Жээнбеков экономика, сот-укук, шайлоо системасындагы реформаларга тийиштүү мыйзам долбоорлорун кылдат кароо менен кабыл алуу керек экенин айтты. (TSh)