Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:23

Трамп менен Абэ Түндүк Корея маселесин талкуулашты


Дональд Трамп менен Синзо Абе. 27-май, 2019-жыл.
Дональд Трамп менен Синзо Абе. 27-май, 2019-жыл.

Жапонияда төрт күндүк мамлекеттик сапар менен жүргөн АКШнын президенти Дональд Трамп дүйшөмбү күнү премьер-министр Синзо Абэ менен жолугушту. Эки лидер соода сүйлөшүүсүнө жаңы дем берүүнү макулдашты. Абэ менен мамилеси жакшы экенине карабастан, Трамп буга чейин эки тараптуу соода тең эмес экенин, андан АКШ зыян тартып келатканын айткан.

Дональд Трамп менен Синзо Абе Түндүк Корея маселесин да талкуулашты. Трамп Ханойдогу саммит ийгиликсиз аяктаганына карабастан, Түндүк Корея менен сүйлөшүүнүн жыйынтыгына ыраазы экенин билдирди.

АКШнын президенти Жапониянын жаңы императору Нарухито кабыл алган биринчи чет элдик конок болуп калды. Салтанаттуу жолугушуу императордун сарайында өтүп, Трампты жубайы Мелания коштоп жүрдү.

Нарухито такка 1-майда отурган. 30-апрелге оогон түнү атасы Акихито саламаттыгына байланыштуу тактан толук баш тарткан.

XS
SM
MD
LG