Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Кыргызстандын аймагында тыюу салынган, маалыматтарды жашыруун алыш үчүн пайдаланылган атайын техникалык жабдыктарды тапты.
Атайын кызмат тараткан маалыматка ылайык, бул жабдыктар 25-майда Жазык кодексинин 252-беренесинин 2-бөлүмү («Атайын техникалык каражаттарды мыйзамсыз өндүрүү жана сатуу») боюнча Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн материалдары боюнча К.Д. аттуу адамдын жашаган жерин тинтүүдө алынган.
Азыркы убакта кылмыш ишинин негизинде тиешелүү экспертиза дайындалды. (BTo)