Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:58

Германиянын президенти Өзбекстанга келет


Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев. 21-январь, 2019-жыл.
Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев. 21-январь, 2019-жыл.

Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер 27-майда Өзбекстанга эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөө максатында үч күндүк сапар менен келет. Анын сапары 2016-жылы президент болуп шайланган Шавкат Мирзиёев өлкөдө экономикалык реформаларды жасап, кошуналары менен мамилесин оңдоп, түрмөдөгү бир канча саясий туткунду бошоткон учурга туш келди.

Германия президентинин сапарын утурлай адам укугун коргогон «Human Rights» (HRW) уюму Өзбекстанда жасалып жаткан «оң өзгөрүүлөр узак жолдогу кичинекей гана иштер экенин» белгилеп, азыр деле коопсуздук кызматы мурдагыдай таасирин сактап калгандыгын, негизсиз камоо жана абактарда кыйноо бар экенин белгилешкен. Алар Франк-Вальтер Штайнмайерди Өзбекстандагы сапарында ушул маселелерге көңүл бурууга чакырууда.

Шавкат Мирзиёев быйыл январь айында расмий сапар менен Германияда барып кеткен.

XS
SM
MD
LG