Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:50

Кабулда автобус жарылып он киши жарадар болду


Жарылган автобус.
Жарылган автобус.

Ооганстандын борбору Кабулда мамлекеттик мекемеге таандык автобус жарылып, он киши жарадар болду. Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, автобус 27-майда эртең менен Дин иштери боюнча министрликтин кызматкерлерин жумушка алып бараткан кезде жарылган.

Жабыр тарткандардын биринин абалы оор деп бааланууда.

Бул жардыруу үчүн эч кайсы топ жоопкерчилик ала элек. Адатта мындай чабуулдарды «Талибан» кыймылы же «Ислам мамлекети» террордук тобу ишке ашырат.

Өткөн жумада Кабулдагы мечитте болгон жардыруудан үч адам, анын ичинде белгилүү имам Мавлави Райхан каза таап, ондон ашык киши жарадар болгон.

XS
SM
MD
LG