Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:58

Сауд Арабиясы Катарды чөлкөмдүк саммитке чакырды


Катардын эмири Шейх Тамим ибн Хамад.
Катардын эмири Шейх Тамим ибн Хамад.

Дээрлик эки жылга созулган дипломатиялык араздашуудан кийин Катардын эмири араб өлкөлөрүнүн бул аптанын соңунда Мекке шаарында өтүүчү чукул саммитине чакырылды. Сауд Арабиясынын падышасы Салман Катардын эмири, шейх Тамим ибн Хамад аль-Таниге атайын чакыруу жөнөткөнүн расмий Доханын тышкы иштер мекемеси 26-майдын кечинде маалымдады.

Бул Саудия, Египет, Бахрейн жана Бириккен Араб Эмираттары 2017-жылдын июнь айында Катар менен алакасын үзгөндөн кийинки биринчи жолку жогорку деңгээлдеги байланыш болуп калды. Бирок Катардын Тышкы иштер министрлиги Меккеге атайын делегациясын жөнөтөр-жөнөтпөсүн тактаган жок.

Маалыматка ылайык, Мекке шаарындагы саммитте жакында Бириккен Араб Эмираттарына таандык деңиз сууларында мунай кемелерине коюлганы кабарланган «диверсиялык чабуул» жана Йемендеги Иран колдогон хусит козголоңчуларынын Саудияга караштуу мунай куурларына сокку урушу тууралуу сөз болгону турат.

Араб өлкөлөрүндөгү бул жүрүштөр АКШ менен Ирандын ортосунда чыңалуу күчөп турган учурга туш келүүдө.

XS
SM
MD
LG