Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:34

Трамп: Ирандагы режимди алмаштырууга аракет кылбайбыз


Жапониянын премьер-министри Синзо Абэ менен АКШнын президенти Дональд Трамп. 27-май, 2019-жыл.
Жапониянын премьер-министри Синзо Абэ менен АКШнын президенти Дональд Трамп. 27-май, 2019-жыл.

Жапонияда мамлекеттик сапар менен жүргөн Дональд Трамп Кошмо Штаттар Ирандагы режимди алмаштырууга аракет кылбай тургандыгын билдирди. Бул тууралуу Трамп Вашингтон менен Тегерандын мамилеси чыңалып турган учурда айтты.

«Биз режимди алмаштырууга умтулбайбыз. Бул тууралуу так айтып коюшум керек. Биз өзөктүк курал болбошу үчүн аракеттенип жатабыз», - деди Дональд Трамп.

Тегеран менен Вашингтондун мамилеси дүйнөнүн алты державасы Иран менен түзгөн анын өзөктүк программасы боюнча келишимден АКШ 2015-жылы чыгып кеткенден кийин курчуй баштаган. Аталган келишимге ылайык, Тегеран өзөктүк программасын чектеп, анын ордуна Иранга каршы экономикалык санкциялар алынган. Трамп 2018-жылы майда келишимден чыгып жатканда анын шарттары Ирандын өзөктүк куралын чектебей турганын билдирген жана Иранды «аймактагы согушкерлерди колдойт» деп айыптаган.

Жапониянын өкмөт башчысы Синзо Абэ менен биргелешип өткөргөн басма сөз жыйынында АКШ президенти: «Эч ким, өзгөчө мен үрөй учурган окуялар болушун каалабайм» деди.

Ушул айда АКШ Жакынкы Чыгышка жана Перс булуңуна учак ташуучу согуштук кемесин, бомбалоочу учактарын жана «Patriot» ракетасын жайгаштырган. Вашингтон бул аракеттерин Ирандын чабуулунун алдын алуу катары түшүндүргөн. Бирок Вашингтон да, Тегеран да согушту каалабай тургандыгын билдиришкенине карабастан, ортодо кагылыш болуп кетеби деп чочулагандар бар.

Жапонияда төрт күндүк мамлекеттик сапар менен жүргөн АКШнын президенти Дональд Трамп Иран темасынан тышкары премьер-министр Синзо Абэ менен Түндүк Корея маселесин, соода-экономикалык алакаларды талкуулады.

Эки лидер соода сүйлөшүүсүнө жаңы дем берүүнү макулдашты. Абэ менен мамилеси жакшы экенине карабастан, Трамп буга чейин эки тараптуу соода тең эмес экенин, андан АКШ зыян тартып келатканын айткан.

Дональд Трамп менен Синзо Абе Түндүк Корея маселесин да талкуулашты. Трамп Ханойдогу саммит ийгиликсиз аяктаганына карабастан, Түндүк Корея менен сүйлөшүүнүн жыйынтыгына ыраазы экенин билдирди.

АКШнын президенти Жапониянын жаңы императору Нарухито кабыл алган биринчи чет элдик конок болуп калды. Салтанаттуу жолугушуу императордун сарайында өтүп, Трампты жубайы Мелания коштоп жүрдү.

Нарухито такка 1-майда отурган. 30-апрелге оогон түнү атасы Акихито саламаттыгына байланыштуу тактан толук баш тарткан.

XS
SM
MD
LG