Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:24

Пакистандын түштүгүндө ВИЧке чалдыккандар 700 кишиге чукулдады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Пакистандын түштүгүндөгү Ларкана районундагы Ратодеро шаарчасында жергиликтүү дарыгердин айынан ВИЧке чалдыккандардын саны 700 кишиге чукулдады. Алардын басымдуу бөлүгү балдар экенин Пакистандын Саламаттык сактоо министрлиги маалымдады.

Бийлик жергиликтүү дарыгер Музаффар Гангаро бир ийнени бардык бейтаптарга колдонгону үчүн вирус көп кишиге жайылып кеткенин билдирип жатат. Апрель айында бул шаарчада ондогон адамдарга вирус жукканы аныкталгандан кийин дарыгер камакка алынган. Полиция Гангаро вирусту атайылап жайылтканбы деген версияны да иликтеп жатат.

Министрликтин маалыматы боюнча, Ратодеро шаарчасында вирус жайылганы белгилүү болгондон бери баш-аягы 21 миң киши текшерүүдөн өткөн.

Пакистанда 23 миңдей киши ВИЧ вирусун алып жүрөт.

XS
SM
MD
LG