Бишкектеги Улуттук тарых музейи менен Чолпон-Атадагы ат майдандын оңдолушуна байланыштуу кылмыш иши сотко өткөрүлдү. Иш бүгүн, 28-майда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда карала баштайт. Бул тууралуу маалыматты Жогорку сот ырастады.
Улуттук тарых музейи менен Ысык-Көлдөгү ат майданды оңдоодогу коррупция боюнча мамлекеттик кызматтарда иштеп кеткен алты адам айыпталып жатат. Алардын арасында президенттик аппараттын жарандык өнүктүрүү, диний жана улуттук саясат бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Мира Карыбаева жана экс-премьер-министр Сапар Исаков бар.
Музейдеги коррупция бир жыл мурда ачыкка чыккан. Кийинчерээк Башкы прокуратура аны оңдоп-түзөөдөн мамлекеттик бюджет 101,6 млн. сом зыян тартканын билдирген. 27-майда бир катар коомдук ишмерлер менен тарыхчылар президент Сооронбай Жээнбековго кат жазып, Карыбаеваны күнөөсүз деп эсептей турганын билдиришкен. Алар бийликти калыс сот чечимин чыгарууга чакырышты.
Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу коррупцияга байланыштуу камакта отурган Сапар Исаков буга чейин музей боюнча кылмыш иши саясий негизде козголгон деген пикирин билдирген. (NT)