Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:12

Отунбаева: Экс-президенттик - моюндагы жүк жана жоопкерчилик


Роза Отунбаева.
Роза Отунбаева.

Экс-президент Роза Отунбаева жергиликтүү Elgezit.kg басылмасына кенен маек куруп, экс-президенттик макам жөнүндө айтып берген. Отунбаева өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошуу үчүн сөзсүз эле жогорку кызматтын кереги жок экенин белгилеген. Ал экс-президенттик макамы менен өлкөдө социалдык тармакта иштеп жатканына токтолгон.

- Менин түшүнүгүм боюнча, жумушта болосуңбу же кетесиңби, өлкөнүн өнүгүшү үчүн аракет кыла бериш керек, ага тоскоолдук жок, - деди ал. - Сөзсүз эле кызматка барып, машина минип, кабинетке отуруунун кереги жок. Бул ишти каалаган жерден жасай берсе болот. Ошондуктан экс-президенттик деген моюндагы түшпөс жүк, өтпөс жоопкерчилик, өлкөнүн келечегин, түйшүгүн ойлоп уктай албайт экенсиң. Мен президенттиктен кеткенден кийин экс-президенттер эмне менен алек болору боюнча дүйнөлүк тажрыйбаны карап көрдүм. Ошондон эң эле керектүү, Кыргызстанга ыңгайлууларын иргеп алып, ишке ашырып жүрөм.

Роза Отунбаева 2010-жылы 7-апрелде Убактылуу өкмөттү жетектеген. 2010-жылы июнда референдум аркылуу Кыргызстандын өткөөл мезгилдеги президенти болуп шайланган. 2011-жылдан бери «Роза Отунбаеванын демилгелери» фондун жетектеп келет.

«КР президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзамга президент Сооронбай Жээнбеков 15-майда кол койгон.

Мыйзам 27-майдан тартып күчүнө кирди. Ага ылайык, экс-президенттер мамлекеттик бийлик органдарында саясий, мамлекеттик кызматтарды ээлей албайт, саясий партияларда жетекчи болууга же башка партиялык иштерге аралашууга акысы жок. Бул милдеттерди аткарбаган шартта экс-президент мыйзамда каралган бардык кепилдиктерден ажыратылат, республикалык бюджеттин эсебинен материалдык жана башка камсыздоо токтотулат. Мындай аракет башкы прокурордун сунуштамасынын негизинде президенттин актысы менен ишке ашат.

Эгемен Кыргызстандын 28 жылдык тарыхында өлкөнү башкарган беш президенттин экөөндө гана - Роза Отунбаева менен Алмазбек Атамбаевде экс-президент макамы бар. Аскар Акаев менен Курманбек Бакиев 2005 жана 2010-жылдардагы элдик козголоңдордон кийин өлкөдөн чыгып кеткен. (TSh)

XS
SM
MD
LG