Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков жакынкы күндөрү иш сапары менен Казакстанга, Индияга жана Сауд Арабиясына барат.
Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков билдиргендей, мамлекет башчы 28-29-майда Нур-Султан шаарында Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин мааракесине катышат. Сапардын алкагында Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев жана биринчи президенти Нурсултан Назарбаев менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрүү жана эки тараптуу мамилелер боюнча маселелердин бардык багыттарын талкуулоо пландаштырылууда.
30-майда Жээнбеков Индиянын премьер-министри Нарендра Модинин чакыруусу менен Делиге иш сапары менен барат. Анын жүрүшүндө индиялык лидердин инаугурация аземине катышат жана эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.
31-майда Жээнбеков Сауд Арабиясынын падышасы Салман бин Абдел Азиз Аль Сауддун чакыруусу менен Сауд Арабиясына учат жана Мекке шаарында өтө турган Ислам Кызматташтык Уюмунун XIV саммитине катышат.
Ислам Кызматташтык Уюмунун cаммитинин кезектеги сессиясы уюмдун түзүлгөндүгүнүн 50 жылдыгына арналып, «Келечек үчүн бирге» деген чакырык астында өтөт. (КЕ)