Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:01

Жапонияда бычак көтөргөн киши аялдамада турган адамдарга кол салды


Кандуу окуя болгон жер. Кавасаки шаары. 28-май, 2019-жыл.
Кандуу окуя болгон жер. Кавасаки шаары. 28-май, 2019-жыл.

28-майда Жапониянын Кавасаки шаарында бычак киши автобус күтүп тургандарга кол салып, андан эки адам, анын ичинде бири окуучу кыз каза тапты. Кеминде 16 адам жараат алганы кабарланууда. Бийлик өкүлдөрүнүн айтымында, жабыркагандардын 13ү окуучу. Айрымдарынын абалы оор.

Кол салуунун себеби жана аны кылган адам ким экени азырынча белгисиз.

Эки колуна бычак кармаган 40-50 жаштардагы киши окуядан кийин өзүнүн кекиртегине да бычак урганы, полиция кармап, ооруканага алып барган кезде алган жараатынан өлгөнү кабарланды.

XS
SM
MD
LG