Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:35

Кодуранова: Атамбаев Путинге Батукаевди алып келүү боюнча бир нече жолу кайрылган (видео)


Алмазбек Атамбаев президент болуп турганда орус президенти Владимир Путинге кримтөбөл Азиз Батукаевди алып келүү боюнча бир нече жолу кайрылганын Жогорку Кеңештин депутаты, Кыргызстан-социал демократиялык партиясынын (КСДП) төрайымынын милдетин аткаруучу Асел Кодуранова «Азаттыктын» 2Х1 берүүсүндөгү маегинде билдирди.

- Алмазбек Шаршенович менен бул боюнча сүйлөшкөнбүз, - деди ал. - «Батукаев өлөт» деп чыккандан кийин жакшы эле жүргөн экен. Анан Алмазбек Шаршенович Орусиянын президентине «кайра бергиле, бизди алдап кетиптир» деп кат жазган. Бир эле жолу кат менен кайрылбастан жеке сүйлөшүп атканда да айтылган.

Кодуранова Батукаевдин түрмөдөн чыгып кетишине Атамбаевдин тиешеси жок экенин кошумчалады.

Өткөн аптада Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Бактыбек Калмаматов Батукаевдин ишине байланыштуу экс-президент Алмазбек Атамбаевди да жоопкерчиликке тартууну сунуш кылган.

«Мыйзамдагы ууру» атыккан Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда бошоп кетишине байланышкан кылмыш иши быйыл жыл башында жанданган. Анын алкагында ошол кездеги бир катар жогорку кызматта иштегендер, кримтөбөлгө «айыккыс илдеттен жабыркайт» деген диагноз койгон деген шек менен беш дарыгер кармалган. Мурдагы саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева да шектүү катары кармалып, 22-майда үй камагына бошотулган. ЖАМКтын жетекчисинин мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев да кармалган.

Бул ишке тиешеси бар деген шек менен мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атаханов 21-майда кармалып, камакка алынган. Кримтөбөл Азиз Батукаевди эркиндикке чыгаруу жөнүндө чечим чыгарган Нарын шаардык сотунун мурдагы судьясы Жапар Эрматовго карата сотко чейинки өндүрүш башталды. (TSh)

XS
SM
MD
LG