Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:15

Путин тууралуу сүрөт үчүн блогерге административдик протокол түзүлдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын президенти Владимир Путинди «мазактаган сүрөт жана текст үчүн» Смоленск шаарындагы блогер Сергей Командировго талаш туудурган «Бийликти сыйлабастык жөнүндө» мыйзамга ылайык административдик протокол түзүлдү.

24-майда Командиров «ВКонтакте» социалдык түйүнүндө Новгород облусунун жараны Юрий Кортыжевге «Бийликти сыйлабастык жөнүндө» мыйзам боюнча 30 миң рубль айыппул салынган окуя боюнча пикирин билдирген. «7×7» басылмасынын кабарлаганы боюнча, Командиров президент Владимир Путиндин сүрөтүн чыгарып, «№1 ким экенин ар бир жаран билет...» деп жазган.

Интернетте бийликти жана мамлекеттик символдорду мазактаганы үчүн айыппул төлөтүүнү караган мыйзам долбоору март айында кабыл алынган. Мыйзамды бузгандарга 100 миң рублга чейин айыппул салуу же 15 күнгө камоо каралган. Аталган мыйзамды жаран экинчи жолу бузса, айыппулдун суммасы 200 миң рублга жетет.

Бул берене менен административдик протокол негизинен Путинге байланыштуу посттор боюнча түзүлгөн.

XS
SM
MD
LG