Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:29

Пакистанда армияга каршы демонстрация өттү


Пакистан.
Пакистан.

Пакистандын түндүк-батышында укук коргоо кыймылынын өкүлдөрү аскерлердин огунан каза тапкан окуядан кийин өткөн демонстрацияга миңдеген адам катышты.

Пуштун улутундагылардын укугун коргогон «Пуштун-Тахафуз» кыймылынын мүчөлөрү 27-майдын кечинде армияга каршы жүрүштөрдү өткөрүп, камактагы лидерлерин бошотууну талап кылышты.

26-майда Ооганстан менен чектешкен Түндүк Вазиристан аймагында полиция менен митингчилер кагылышып, «Пуштун-Тахафуз» кыймылынын төрт өкүлү курман болуп, 50дөй киши жаракат алган.

Пакистан армиясы «Пуштун-Тахафуз» кыймылынын Мухсин Давар жана Али Вазир аттуу мүчөлөрү баштаган топ Бойя шаарындагы чек ара өткөрмө бекетине кол салганда аскерлер жооп кайтарганын билдирип жатат.

Бирок окуя учурунда тартылган видеолордо көрүнгөндөй, аскерлер ок аткан кезде демонстранттар куралсыз болгон. Али Вазир ушундан кийин камалган.

XS
SM
MD
LG