Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:05

Косоводогу операциядан соң серб армиясы күжүрмөн даярдыкка өттү


Косовонун полициясы жүргүзүп жаткан операция учуру. 28-май. 2019-жыл.
Косовонун полициясы жүргүзүп жаткан операция учуру. 28-май. 2019-жыл.

Сербиянын президенти Александр Вучич армияны күжүрмөн даярдыкка келтирген буйрукка кол койду. Бул Косовонун атайын күчтөрү өз өлкөсүндөгү сербдер жашаган аймакта атайын операция жүргүзүп жатканы маалым болгондон кийин жасалды. Күжүрмөн даярдыкка Ички иштер министрлиги да келтирилген.

- Мен биздин армиянын бөлүктөрүн толук күжүрмөн даярдыкка келтирүүнү буйрудум. Эгер Косовонун түндүгүндөгү жана Метохиядагы адамдардын коопсуздугуна олуттуу коркунуч жаралса, биздин эл аларды коргойт, - деди Сербиянын президенти Александр Вучич.

28-майда таң заардан Косовонун полициясы негизинен сербдер жашаган төрт аймакта атайын операция жүргүзүп жатат. Кармалгандардын арасында серб улутундагы полиция кызматкерлери да бар.

Косовонун премьер-министри Рамуш Харадинай операция тууралуу маалыматты ырастап, ал уюшкан кылмыштуулукка жана аткезчиликке каршы жүргүзүлүп жатканын билдирди.

Бириккен Улуттар Уюмунун тынчтык орнотуу күчтөрүнүн өкүлү «Танюг» агенттигине атайын операция Косовонун бардык аймагында жүрүп жатканын, ал жалаң эле сербдерге каршы багытталбаганын айтты.

Ал эми Сербия өкмөтүнүн өкүлү Марко Журич Косово полициясынын аракеттерин сербдерди куугунтуктоо жана ал жерлерден кубалоо катары баалады.

- Эгер бул тез аранын ичинде токтобосо, Сербия ушул эле күнү аракеттениши мүмкүн экенинде күмөн жок, - деди Журич.

Сербия мурдагы Косово провинциясына көзөмөлдү 1999-жылы жоготкон. Косово болсо Сербиядан көз каранды эмес экенин бир тараптуу түрдө 2008-жылы жарыялаган. Косовонун эгемендигин дүйнөнүн 110 мамлекети тааныган.

XS
SM
MD
LG