Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:40

Юристанбек Шыгаев кызматынан бошотулду


Юристанбек Шыгаев.
Юристанбек Шыгаев.

Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинин директору Юристанбек Шыгаев ээлеген кызматынан бошотулду. Тиешелүү буйрукка министр Азамат Жаманкулов кол койду. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин музейдеги сүрөттөрдүн жоголушун иликтеш үчүн түзүлгөн комиссия Шыгаев Николай Сверчковдун кыл калеминен жаралган «Ит менен ат» жана Николай Генин «Бакуниндин портрети» аттуу сүрөттөрүнүн түп нускасын алганы аныкталганын билдирген. Маалыматка караганда, музейдин директору эки сүрөттүн түп нускасын алып, аны бузулган абалда кайтарган. Комиссия төрагасы, министрликтин статс-катчысы Бактыбек Секимов «Азаттыкка» билдиргендей, эмгек өргүүсүндө жүргөн Шыгаев кызматтан кетүү боюнча арыз жазган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG