Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:32

Феминисттер президентке кайрылышты


Феминисттердин жүрүшү.
Феминисттердин жүрүшү.

«8/365» феминисттик кыймылы, ЛГТБ өкүлдөрү, гендердик жана аялдар уюмдары укуктарын коргоп берүүнү өтүнүп президент Сооронбай Жээнбековго кайрылышты. Кайрылууда 2019-жылдын 1-майында болгон окуя боюнча укук коргоо органдары эч кандай чара көрбөй жатканын айтып даттанышкан.

«1-май күнү «8/365» феминисттик кыймылы уюштурган аялдардын укугуна байланыштуу иш-чарада милиция кызматкерлеринин көзүнчө бейтааныш балдар коркутуп, жумуртка менен урушкан. Анда «Кырк Чоро» кыймылынын мүчөсү да болгон. Милиция кызматкерлери балдардын аракетине чара көргөн эмес» деп кайрылууда айтылат.

Феминисттер президенттен бул окуяны мыйзамга ылайык калыс териштирип берүүнү суранып жатышат.

1-майда ЛГБТ өкүлдөрү эс алууга чыккан маалда аларга белгисиз бирөөлөр келип, ыдык көрсөтүп, жумуртка менен ура баштаганын айтып чыгышкан. Алардын бири активист Аманбол Бабакулов алардын автоунаасын тосуп, жолтоо болгонун билдирип, сүрөтүн «Фейсбукта» жарыялашкан.

Жарандык активист Аманбол Бабакулов феминисттер менен жыныстык азчылык өкүлдөрүнө чабуул койбогонун айтып, тескерисинче алар өзүн автоунаа менен сүзүүгө аракет кылышканын билдирген.

Буга чейин, 8-мартка карата марш уюштурган феминисттик уюмдардын өкүлдөрү аларды «Кырк чоро» уюму, депутаттар жана башка белгисиз адамдар коркутуп жатканын айтышкан. (TSh)

XS
SM
MD
LG