Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:31

Музей менен ат майдандагы коррупция боюнча сот башталды


Улуттук тарых музейинин ичиндеги бул жыгач мамынын ар бири 1137 евродон алынган.
Улуттук тарых музейинин ичиндеги бул жыгач мамынын ар бири 1137 евродон алынган.

Бишкектин Биринчи май райондук соту Улуттук тарых музейи менен Чолпон-Атадагы ат майдандын оңдолушуна байланыштуу кылмыш ишин карай баштады. Ага бул иш үчүн айыпталып жаткан экс-премьер-министр Сапар Исаков жеткирилди. Мындан сырткары президенттик аппараттын жарандык өнүктүрүү, диний жана улуттук саясат бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Мира Карыбаева катышууда. Соттук териштирүү алдындагы баштапкы жыйын жабык өтүп жатат. Ага айрым укук коргоочулар сырттан көз салууда. Ишти судья Айбек Эрнис уулу карап жатат.

Улуттук тарых музейи менен Ысык-Көлдөгү ат майданды оңдоодогу коррупция боюнча мамлекеттик кызматтарда иштеп кеткен алты адам айыпталууда. Алардын арасында президенттик аппараттын жарандык өнүктүрүү, диний жана улуттук саясат бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Мира Карыбаева жана экс-премьер-министр Сапар Исаков бар.

Музейдеги коррупция бир жыл мурда ачыкка чыккан. Кийинчерээк Башкы прокуратура аны оңдоп-түзөөдөн мамлекеттик бюджет 101,6 млн. сом зыян тартканын билдирген.

Сапар Исаков буга чейин музей боюнча кылмыш иши саясий негизде козголгон деген пикирин билдирген. Ал Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу коррупцияга байланыштуу камакта отурат. (КЕ/YI)

XS
SM
MD
LG