«Манас» эл аралык аэропортунун бейтарап аймагында (стерильная зона) Арлен Хадаа аттуу жарандыгы жок адам беш айга жакын убакыттан бери чыга албай жатат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Арлендин аялы, эки баласы Норвегияда жашайт. Аны 2016-жылы Кыргызстанга депортация кылышкан. Хадаа Кыргызстанда жашаганы жөнүндө убактылуу документ алып, кайра Норвегияга кетүүгө аракет кылган учурда Орусиянын Миграция кызматы Москвадан Бишкекке 19-январда депортация кылып жиберген. Документтери так болбогону үчүн Кыргызстанга да кире албай отурат.
Маалыматка ылайык, Хадаанын атасы - Монголиянын жараны. Апасы Өзбек ССРинин паспортуна ээ кыргыз болгон, өзү Кыргызстанда туулуп-өскөнүнө карабай туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жоктугу үчүн паспорт албай калган. (TSh)