Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:58

Кытайдын Казакстандагы элчиси: Шинжаңда куугунтук жок


Кытайдын Казакстандагы элчиси Чжан Сяо жана Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаев.
Кытайдын Казакстандагы элчиси Чжан Сяо жана Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаев.

Кытайдын Казакстандагы элчиси Чжан Сяо Шинжаңда казактарга кысым жасалып жатканы тууралуу кабарларды «жалган маалымат» деп баалады. Ал мындай оюн 28-майда Нур-Султан шаарында өткөн казак-кытай алакасына арналган жыйындын алдында айтты.

Чжан Сяо журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып: «Бардык маалымат жалган. Бул жаңылыкты кайдан алдыңыз? Шинжаңда абал бир калыпта. Андагы чаралар - террорчулук жана экстремизм менен күрөшүү аракети», - деди.

Бир күн мурда эле Алматы шаарында Кытайдан Казакстанга келип калган бир нече адам басма сөз жыйынын өткөрүп, Шинжаңда калган туугандары саясий лагерлерден бошотулганы менен эми Казакстанга кайта албай жатканын айтышкан. Алар казак бийлиги менен эл аралык уюмдардан жардам сурашкан болчу.

Кытайдын Шинжаң районундагы мусулман коомчулугунун жүз миңдеген өкүлдөрү саясий лагерлерге кармалып турганы боюнча буга чейин бир катар мамлекеттер, анын ичинде Бириккен Улуттар Уюмунун өкүлдөрү да камтамачылыгын билдиришкен.

XS
SM
MD
LG