Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:17

Зеленский Саакашвилиге украин жарандыгын кайтарып берди


Михаил Саакашвили.
Михаил Саакашвили.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Одесса облусунун мурдагы губернатору жана Грузиянын экс-президенти Михаил Саакашвилиге украин жарандыгын кайтарып берди. Бул тууралуу мамлекет башчынын сайтына жарыяланды.

Украинанын мурдагы президенти Петро Порошенко Саакашвилиге 2015-жылдын 30-майында жарандык берип, Одесса облусунун губернатору кылып дайындаган. Бирок эки жылдан кийин Саакашвили Петро Порошенко менен пикири келишпей, кызматынан баш тарткан. Порошенко өз буйругу менен Михаил Саакашвилини жарандыктан ажыраткан. Ошол эле жылы сентябрда Саакашвили тарапкерлеринин жардамы менен Украинанын аймагына кирип барып, Порошенконун кызматтан кетишин талап кылган акция уюштурган.

Былтыр февралда Украинанын Чек ара кызматы Саакашвилиге Украинага кирүүгө тыюу салган. Михаил Саакашвили быйыл февралда Киевдеги ресторандан кармалып, учакка күчтөп салынып, Польшага депортацияланган. Андан ары Голландияга барып, ошол жакта туруктуу жашоого уруксат алган.

XS
SM
MD
LG