Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:19

Ирандын прокурору: мурдагы мэр аялын өлтүргөнүн мойнуна алды


Митра Остад күйөөсү Мухаммед Али Нажафи менен.
Митра Остад күйөөсү Мухаммед Али Нажафи менен.

Тегерандын прокурору Мухаммад Шахриари 28-майда билдиргендей, Тегерандын мурдагы мэри Мухаммед Али Нажафи үй-бүлөлүк чырга байланыштуу аялын өлтүргөнүн мойнуна алып, полицияга багынып берди. Бул тууралуу «Тасним» маалымат агенттиги кабарлады.

ИРНА маалымат агенттигинин жазганы боюнча, бир канча жерине ок тийип каза тапкан Митра Остад 28-майда Тегерандын түндүк-батышындагы Саадат-Абад районундагы үйүнөн табылган.

Остад мурдагы мэр Мухаммед Али Нажафинин экинчи аялы болгон.

Реформатор мэр катары айтылып жүргөн Мухаммед Али Нажафи былтыр жаш кыздар бийлеген иш-чарага катышканы үчүн сынга кабылгандан кийин кызматтан кеткен. Бирок ал кызматтан кетүү жөнүндө арызында өз чечимин ден соолугуна байланыштырган.

«Инсаф» агенттиги Митра Остад 27-майда редакция менен байланышып, интервью берүүнү каалай турганын айтып, убактысын да макулдашканын жазды. Ал маектешүү үчүн 28-майда келмек болгон. Бирок кийин сапарга чыга турганын айтып, маек берүүдөн баш тарткан.

XS
SM
MD
LG