Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:05

Бишкекте «Кыялдар атласы» сүрөт көргөзмөсү өтүүдө


Сүрөттө Памирден келген 15 жаштагы Гүлсүн. Ал окуп, жазганды үйрөнүп жатат. 28-май, 2019-жыл. Бишкек.
Сүрөттө Памирден келген 15 жаштагы Гүлсүн. Ал окуп, жазганды үйрөнүп жатат. 28-май, 2019-жыл. Бишкек.

Көргөзмөдө Кыргызстандын жети облусунан 11 жаштан 19 жашка чейинки 46 кыздын кыялы чагылдырылган сүрөттөр коюлду.

Анда кыздар негизинен программист, дизайнер, котормочу, мугалим, дарыгер, адвокат, архитектор, жазуучу жана журналист кесибине ээ болгусу келери чагылдырылган.

АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин колдоосу менен уюштурулган иш-чара айыл жеринде жашаган кыздардын максаттарын коомго жеткирүү максатын көздөйт. Уюштуруучулардын бири Южиния Чонгдун айтымында, Кыргызстанда айылда жашаган кыздардын кыялы көп учурда орундалбай калат. Ал буга алардын эрте турмуш курушу, билим алууга багыттын жоктугу, ата-энелердин кайдыгер мамилеси түрткү берет деп эсептейт.

Долбоордун демилгечилери кыргыз кыздары алдына кандай максат коерун билиш үчүн 2018-жылдын октябрь-декабрь айларында Кыргызстандын жети дубанындагы 600дөн ашуун кыз менен жолугуп, ой-пикирлер уккан. Анын ичинен билим алууга өзгөч ынтызар 46 кыз тандалып алынып, сүрөттөрү бүгүнкү көргөзмөдө илинди. Иш-чара 3-июнда аяктайт. (AlS)

XS
SM
MD
LG