29-майдагы саммит Евразия экономикалык биримдигинин түзүлгөнүнүн беш жылдыгына карата уштурулууда. Анда уюмга кирген өлкөлөрдүн башчылары Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевди биримдиктин ардактуу жетекчилигине шайлоону талкуулайт.
Бул - интеграциялык биримдик түзүү демилгесин Назарбаев көтөргөнү менен байланыштуу. Бир күндүк саммиттин алкагында өлкө лидерлеринин эки тараптуу жолугушуулары да өтөрү күтүлүп жатат. Ага ушу тушта Казакстанда жүргөн Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков да катышат. Ал Казакстандын мартта Нур-Султан деп өзгөртүлгөн баш калаасына 28-майда барып, эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү. Экс-президент Нурсултан Назарбаев менен да сүйлөштү. Жээнбеков Казакстандан ары Индия менен Сауд Арабиясына иш сапар менен барат.
28-майда Жээнбеков, Беларус президенти Александр Лукашенко жана орус лидери Владимир Путин «Назарбаев ордени» менен сыйланышты. (NT)