Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:49

Кыргызстанда 53 мамлекеттик орган «Түндүк» тутумуна кошулду


Өлкөнү санариптештирүү боюнча өкмөттө өткөн жыйын.
Өлкөнү санариптештирүү боюнча өкмөттө өткөн жыйын.

Бул тууралуу «Электрондук өз ара аракеттешүү борбору» ишканасынын директору Нурия Кутнаева өлкөнү санариптештирүү боюнча өкмөттө өткөн жыйында билдирди.

Өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлагандай, жыйында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов мамлекеттик органдын ар бир жетекчиси өлкөнү санариптештирүү боюнча тапшырмалардын аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик алышарын айтты.

«Түндүк» системасы министрликтерди, мекемелерди жана жеке компанияларды бириктирип, маалымат алмашуунун жол-жобосун жеңилдетүүгө багытталган.

Маалымат боюнча бул система аркылуу 189 кызмат көрсөтүүнү санарип форматына өткөрүү пландалып жатат. (BTo)

XS
SM
MD
LG