Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финполиция) коррупциялык зыяндын ордун толтуруш үчүн ачылган бирдиктүү депозиттик эсепке 18 948 496 сом которду. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Апрель айында башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Жогорку Кеңештин жыйынында коррупционерлерден өндүрүлгөн акча үчүн ачылган Борбордук казыналыктагы атайын эсепке 1 млрд. 148 млн. 900 миң сом чогулганын айткан.
Депозиттик эсеп 2018-жылдын июлунда президент Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен түзүлгөн. Башкы прокуратурага, Финполицияга, УКМКга, ИИМге жемкорлордон кайтарылган каражатты ушул эсепке которуу милдети жүктөлгөн. (BTo)