Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:05

Илмияновдун ишин тергөө мөөнөтү узартылды


Икрамжан Илмиянов сотко жеткирилген учур. 2018-жыл.
Икрамжан Илмиянов сотко жеткирилген учур. 2018-жыл.

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы кеңешчиси, камактагы Икрамжан Илмияновдун ишин тергөө 28-июлга чейин узартылды. Башкы прокуратуранын өкүлү Бакытбек Сыдыгалиевдин «Азаттыкка» билдиргени боюнча, Илмиянов 28-августка чейин камакта калтырылган, тергөө жүрүп жатат. Ал эми мүлкү камакта турат.

Сыдыгалиев ошондой эле Илмияновдон тергөө менен кызматташуу боюнча сунуш түшпөгөнүн, бирок анын мындай укугу бар экенин айтты. Буга чейин «Илмиянов тергөө менен кызматташып жатат» деген маалыматтар чыккан.

«Шоопур» деген каймана ат менен таанылган жана мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин эң ишенимдүү адамдарынын бири катары аты чыккан Икрамжан Илмиянов 2018-жылдын 20-октябрында Орусиядан кармалып, Кыргызстанга жеткирилген.

Ага Башкы прокуратура былтыр 28-сентябрда кылмыш ишин козгогон жана Кылмыш-жаза кодексинин бир канча беренелери менен айып койгон. Маалыматка ылайык, Илмиянов «жеке компаниялардын биринен 150 миң доллар акча алган» деп шек саналып жатат. Илмиянов учурда УКМКнын тергөө абагында кармалууда. (KE/BTo)

XS
SM
MD
LG