Кыргызстанда мамлекеттик органдардын бюджеттик каражатка автоунаа, ишти уюштуруу техникасын жана эмерек сатып алышына үч жылга чейин тыюу салуу жөнүндө сунуш түшүп жатат. Бюджет тууралуу мыйзамга ушундай өзгөртүү киргизүү боюнча токтом долбоорунун демилгечиси – депутат Мурадыл Мадеминов.
Бул маселе бүгүн 29-майда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында талкууланды. Талкуу учурунда депутат Кубанычбек Нурматов 30 миӊден ашуун калкы бар айрым айыл өкмөттөрүндө Совет мезгилинен калган эски эмерек турганын, аларды жаӊысына алмаштырууга мүмкүнчүлүк берүү зарыл экенин айтты. Ал эми депутат Акылбек Жапаровдун пикиринде, мектептер менен ооруканаларга эмерек сатып алууга уруксат берип, андан башка мекемелерге машине сатып алууга тыюу салуудан үнөмдөлгөн каражатты курулушу бүтө элек мектептерге жумшаш керек.
Жыйынтыгында депутаттар машине менен эмерекке тыюу салып, техника сатып алууга уруксат бериш керек деген чечимге келишти. Чектөө мектептер менен ооруканалардын эмерек сатып алышына колдонулбайт.
Парламенттин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, мамлекеттик органдар сатып алуу иштерине республикалык бюджеттен жыл сайын 2 млрд. сомдон ашуун каражат жумшашат. (RK)