Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 01:47

Бишкекте мектеп окуучусу ур-токмоктон каза тапты


Иллюстрациялык сүрөт.

Бул тууралуу «Азаттыкка» Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматкери Сайкал Садыбакасова билдирди.

- 28-майда түнкү саат 12ден кийин Бишкектеги балдар ооруканасынан кайрылуу келген. Дарыгерлер 9-класстагы мектеп окуучусу ур-токмоктон кийин түшкөнүн, анын өмүрүн сактоого мүмкүн болбогонун билдиришти. Баштапкы версия катары балдар арасындагы уруш айтылууда. Окуя боюнча Биринчи май райондук ички иштер бөлүмү Жазык кодексинин 138-беренеси («Ден соолукка оор зыян келтирүү») менен сотко чейинки өндүрүш баштады, - деди Садыбакасова.

Окуя Бишкектеги №48 мектепте болгонун шаардык билим берүү башкармалыгы тастыктады. Мекеме бул боюнча комиссия түзүлүп, иликтөө иштери башталганын билдирди.

Билим берүү башкармалыгынын маалыматына караганда, кырсык 28-май күнү саат кечки сегизде сабак бүткөндөн кийин болгон. (AiA)

XS
SM
MD
LG