Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:09

Журналисттерди коргоо уюму Пакистанда кармалган кабарчыны бошотууга үндөдү


«Пуштундарды коргоо кыймылы» уюштурган акция. 19-апрель, 2019-жыл.
«Пуштундарды коргоо кыймылы» уюштурган акция. 19-апрель, 2019-жыл.

«Журналисттерди коргоо боюнча эл аралык комитет» Пакистандын бийлигин пуштундардын нааразылык акциясын чагылдырып жатканда кармалган кабарчыны бошотууга чакырды. Уюмдун 28-майда жарык көргөн билдирүүсүндө айтылгандай, «Khyber News» менчик телеканалынын журналисти Гохар Вазир «Пуштундарды коргоо кыймылы» Банну шаарында уюштурган митингден репортаж даярдагандан кийин кармалган. Эки депутат жетектеген кыймыл бир нече күндөн бери Пакистан коопсуздук күчтөрүнүн пуштун улутундагыларга ыдык көрсөтүүсүнө каршы акцияларды уюштуруп келатат.

Кабарчы кармаларда демонстранттар аскерлер менен кагылышканда 3 активист окко учту, 5 жоокер жарадар болгон.

«Гохар Вазирди кесиптик милдетин аткарып, пуштундардын нааразылыгы өңдүү карама-каршылыктуу окуя жөнүндө жаңылык даярдап жаткан кезде кармоо туура эмес. Маалымат каражаттарын чектөө Пакистандагы демократияга көлөкө түшүрөт», - деп билдирди «Журналисттерди коргоо комитетинин» Азия боюнча координатору Стивен Батлер.

XS
SM
MD
LG