Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:12

Ооганстанда «жыныстык мамиле үчүн өкмөттө кызмат сунушталган» деген доомат текшерилүдө


Ооган аялдары.
Ооган аялдары.

Ооганстанда «президент Ашраф Ганинин администрациясында иштеген айрым адамдар өкмөттөгү орундар үчүн төшөк мамилесин талап кылышкан» деген шектенүү текшерилип жатат.

Башкы прокуратуранын басма сөз катчысы Жамшид Расули 28-майда иликтөө жүргүзүш үчүн атайын топ түзүлгөнүн билдирди.

Өткөн аптада Ганинин мурдагы кеңешчиси генерал Хабибулла Ахмадзай телеинтервьюда президенттик сарайдагы айрым «чөйрөлөр» аялдарга өкмөттүк кызмат үчүн төшөк мамилесин сунуш кылышканын айтып, бирок конкреттүү фактыларды же ысымдарды келтирген эмес. Катардагы оогандар социалдык тармактарда бул сөздөрдүн чын-төгүнүн текшерүүнү талап кыла башташкан. Президент Ганинин басма сөз катчысы Харун Чакхансури бул дооматтарды «негизсиз калп» деп атады. Мунай министринин милдетин аткаруучу Наргиз Нехан андай сөздөр чындыкка коошпой турганын «Твиттерге» жазды.

XS
SM
MD
LG