АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси май айынын башында Бириккен Араб Эмираттарына таандык акваториядагы мунай танкерлерине жасалган чабуулдун артында Иран турары «дээрлик анык» деп билдирди. Жон Болтон мындай оюн 29-майда Абу-Дабиде журналисттерге айтты.
12-майда Оман деңизинде төрт кеме, анын ичинде Саудиянын эки мунай танкери «диверсиялык чабуулга» кабылганы кабарланган. Курамына Америка да кирген беш өлкөнүн эксперттеринен турган топ бул окуяны иликтеп жатат.
Ак үйдүн улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси жакында Саудиянын мунай чыккан Янбу шаарына сокку уруу аракети болгонун билдирип, бул окуяны да Тегеран менен байланыштырды.
Бирок Ирандын лидерлери «Тегеран кемелерге жана мунай куурларына сокку урду» деген дооматтарды четке кагып келет. Болтондун Араб Эмираттарындагы сүйлөшүүлөрү Вашингтон менен Тегерандын ортосунда чыңалуу күчөгөн учурга туш келүүдө.