Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:48

Будапешт: Дунайда кайык көңтөрүлүп, туристтер каза тапты


Будапешт, Венгрия. 29-май, 2019-жыл. Дарыяга чөккөн туристтерди куткарууга бара жаткан кайык.
Будапешт, Венгрия. 29-май, 2019-жыл. Дарыяга чөккөн туристтерди куткарууга бара жаткан кайык.

Венгриянын баш калаасы Будапештте 29-майдын түнү Дунай дарыясында туристтер сейилдеп жүргөн кайык оодарылып кетти. Акыркы маалыматка караганда жети киши каза болуп, 16 адамды издөө иштери жүрүп жатат.

Кайыкта жалпысынан 32 турист болгон. Алар негизинен Түштүк Кореядан келгендер. Каза тапкандар менен дайынсыз жоголгондордун арасында башка мамлекеттердин жарандары бар-жогу тууралуу венгер бийлигинен расмий маалымат келе элек.

Кырсыкка туристтер түшкөн кайык Будапешт парламентинин маңдайында турган дагы бир кемеге урунуп, көңтөрүлүп калганы себеп болгону айтылды. Бир нече күндөн берки нөшөрлөгөн жаан-чачындан улам азыр Дунай дарыясы кирип турган маалы. Оодарылып кеткен кайык 45 кишиге ылайыкташкан.

XS
SM
MD
LG