Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:01

«Акнет» компаниясы кадимкидей иштеп жатканын жарыялады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда «Акнет» компаниясы штаттык режимде иштеп жатканын билдирди. Ишкананын жетекчилигинин маалыматына караганда, укук коргоо органдарынын текшерүүлөрү ишке тоскоол болгон жок.

Ушул аптада Ички иштер министрлиги «Акнет» ишканасына карата козголгон кылмыш ишине байланыштуу компаниянын президенти Кубан Ажимудинов менен анын шериктерин камакка алган.

Аларга карата кылмыш иши акционердин арызы боюнча козголгон. Арыз ээси компания анын үлүшүн азайтып, дивиденд төлөөдөн баш тартканын, мамлекетке салык жана социалдык төлөмдөрдү аз төлөп жатканын билдирген. Буга чейин аткаруучу директор болуп келген Руслан Абдумажитов менен Кубан Ажимудиновдун ортосунда үлүш ээлиги жана кирешени бөлүү боюнча келишпестик чыкканы маалым. (NT)

XS
SM
MD
LG