Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:02

Момбеков: Бийлик аткара албаган ишти «Азаттык» алты саатта иликтеп чыкты (видео)


Райымбек Матраимов.
Райымбек Матраимов.

Өкмөт жасай албай жаткан ишти «Азаттыктын» кабарчысы бир нече саатта иликтеп койду. Бул тууралуу бүгүн парламенттин жалпы жыйынында сүйлөп жатып КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков айтты:

- Биз эки жума мурун «Бажагейт» деген балекетке кабылдык эле, өкмөт башчынын бажасы байлыкта, баласы айлыкта отурганы билинип калып, өкмөттө комиссия түзүлүп, иш алып барып жаттык эле. Ал иш этегине жете электе кечээ кечинде «Бажагейт» деген балекет башталып кетти. Аны Кыргызстанда 200 миңден ашык адам көрдү – аткаруу бийлиги алты айдан бери аткара албай жаткан ишти «Азаттыктын» баласы алты саатта иликтеп-жиликтеп койду. Элдин баары «Али эле Али, Алинин ишине бали!» деп жатат.

​29-майда «Азаттык» радиосунун «Ыңгайсыз суроолор» программасы эфирге чыккан. «Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» деп аталган көрсөтүүнүн автору Али Токтакунов өлкөдөн чыгарылып кеткен жүз миллиондогон доллардын Матраимовдорго тиешеси бар-жогун иликтеген. Анда Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Раимбек Матраимовдун жакындарына катталган мүлк тууралуу сөз болгон.

Өкмөт жана тиешелүү органдар депутаттын айткандарына азырынча жооп кайтара элек. (RK)

Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи
please wait

No media source currently available

0:00 0:30:08 0:00

XS
SM
MD
LG