Жогорку Кеңештин депутаты Зиядин Жамалдинов парламенттин 30-майдагы жыйынында Ооганстандан көчүрүлүп келген памирлик кыргыздарга жарандык берүү жана жумуш менен камсыз кылуу маселесин көтөрдү.
- Эгер памирлик кыргыздар «Кыргызстанда калабыз, жарандык алабыз» десе муну тез арада чечиш керек. Өкмөткө Ооганстан менен бул боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү тапшыралы. Аларга жер бөлүп берип, жумуш менен камсыз кылыш керек, - деди Жамалдинов.
Ооганстандан Нарынга көчүрүлүп келген памирлик кыргыздар 23-майда Бишкекте Тышкы иштер министрлигинин, Мамлекеттик миграция кызматынын жана Мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлдөрү менен жолуккан. Анда алар Кыргызстандын жарандыгын алуу ниетин билдиришкен.
2017-жылы жаңыча жашоого ылайыкташуу үчүн Ооганстандан Нарынга 50 памирлик кыргыз көчүрүлүп келген. 11 үй-бүлө же 49 киши Нарында жашаса, экөө Ошто окуп жатат. Былтыр 18и Ооганстанга кетип, бирөө гана кайтып келген. Алар Кыргызстандан билим алып, кайра Ооганстанга барып ал жактагы адамдардын кат-сабатын өнүктүрүү келишими менен келген. (BTo)