Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:15

Абдыкаров «Азия-Ньюс» гезитине койгон доосунан баш тартты


Данияр Абдыкаров.
Данияр Абдыкаров.

Ички иштер министринин мурдагы орун басары, «Манас» аэропортунун авиациялык коопсуздук жана тартип дирекциясынын директору Данияр Абдыкаров «Азия-Ньюс» гезитине койгон доосунан баш тартты.

Бул маалыматты «Азаттыкка» сөз болуп жаткан гезиттин башкы редактору Аслан Сартбаев ырастады. Анын айтымында, Абдыкаров арызын артка алышына Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов кийлигишкен.

- 29-майда сот процесси болмок. Бирок Данияр Абдыкаровдун адвокаттары сотко келген жок. Ортого кишилер түшкөндөн кийин ал соттошуудан баш тартты. Сот дароо эле арызды жокко чыгарып койду. Ал киши (Райымбек Матраимов) элдештирип, салым кошту. Генерал Абдыкаровго «соттошпой эле жигитче элдешип алгыла» деп жакшы иш кылды, - деди Сартбаев.

Данияр Абдыкаров Камила Дүйшөбаеванын өлүмүнө байланыштуу «Азия-Ньюс» гезитине чыккан материал боюнча гезиттен жалпысынан 10 миллион сом өндүрүп берүүнү өтүнүп сотко кайрылган. Ишти Октябрь райондук соту карап жаткан.

Киши колдуу болгону айтылган 19 жаштагы студент Камила Дүйшөбаеванын сөөгү 2014-жылдын 16-мартында шаар четиндеги Байтик айылынан табылган. Бул өлүмдү иликтөө боюнча ошол учурда ыкчам топ түзүлүп, 400гө жакын адам суракка алынган. (BTo)

XS
SM
MD
LG