Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:10

Украинада тик учак кырсыгынан беш аскер кызматкери өлдү


Тик учак кулаган жер.
Тик учак кулаган жер.

29-майда Украинанын батышында советтик үлгүдөгү Ми-8 тик учагы кырсыкка кабылып, беш аскер кызматкери көз жумду.

Армиянын маалыматына карганда, учак менен байланыш 29-майда кечки саат 11 жарымда үзүлгөн. Куткаруучулар жана укук коргоо органдары кырсык болгон жерде түнү менен иштеген.

Радивиловск районуна түшкөн тик учак кулагандан кийин өрттөнүп кеткени айтылууда.

Украинанын президенти Владимир Зеленский: «Мен Украинанын куралдуу күчтөрүнүн башчысына, генерал Руслан Хомчакка трагедиянын себептерин иликтөөнү жеке өз көзөмөлүнө алууга буйрук бердим» деп жазды.

XS
SM
MD
LG